Аскердик каттоо документтерин берүү

Аскердик билет бериле турган жарандардын категориялары:

а) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандарга;

б) АК бошотулган АК кызматкерлерине;

в) аскердик окуу жайларына окууга өткөн курсанттарга;

г) ден – соолугунун абалы боюнча Куралдуу Күчтөрдүн запасына киргизилген жана ден – соолугунун абалы боюнча чыгарылган чакырылуучуларга;

д) жарандарга:

– МРЖ өтөгөн жана көрсөтүлгөн акчалай төгүмдөрдү төлөгөн  25 жаштагы же андан жогорку жаштагы жарандарга КК запасына киргизилгенден кийин;

– мөөнөтүн узартууга мыйзамдуу ээ болгон 25 жаштагы же андан жогорку жаштагы жарандарга;

– ички иштер органдарынын окуу жайларын бүткөндөргө жана ички иштер органдарынан  бошотулуп жатканда атайын чин алгандарга;

– башка мамлекеттин КК аскердик кызматты өтөп, КР жарандыгын алгандарга же мөөнөтүн узартууга же аскердик милдеттен бошотууга  укугу (негизи) бар жарандарга;

– эркинен ажыратуу жайларынан бошотулгандарга;

– медициналык мекемелерде медициналык профиль боюнча даярдоодон өткөн аялдарга.

Аскердик каттоо документтерин берүү (аскердик билеттердин, убактылуу күбөлүктөрдүн бланктары) бекер жүргүзүлөт.

Аскердик каттоо документтердин жуп нускасын (аскердик билеттердин, убактылуу күбөлүктөрдүн бланктары) фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөн, аскердик билет жоголгон же жараксыз абалга келген учурларда аскерге милдеттүүлөргө берүү акча төлөө жолу менен жүргүзүлөт. Аскердик билеттерди жоготкондугу, бузгандыгы, аскердик каттоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммада айып салуу каралган.

(Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-ноябрындагы №769 токтомунун редакциясына ылайык)

Размер шрифта