Эркек жынысындагы жарандар он алты жашка толо турган жылда аскердик баштапкы каттоого алынууга жатат.
Жарандарды аскердик каттоого баштапкы коюу учурдагы жылдын декабрь айында жаңыра турган жылдын январь-март айларында төмөнкүдөй максаттарда өткөрүлөт:
– жарандарды аскердик каттоого коюу;
– жарандардын санын аныктоо;
– жарандардын аскер кызматына жарактуулугун жана ден-соолугунун абалын аныктоо;
– жарандардын жалпы билим деңгээлин жана адистигин аныктоо;
– чакырылуучуларды алдын-ала дайындоо;
– аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо жана аскердик окуу жайларга кирүү үчүн талапкерлерди тандоо.
Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, ошондой эле каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.