Жыйырма эки жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджеттин кирешесине 500 эсептик көрсөткүч суммасында акчалай салым төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт.
Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт.
Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет.
Мобилизациялык резервдин жыйындары аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине коюлат.
Жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы, мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.
Перечень документов для формирования личного дела:
– медицинского карта освидетельствования;
-справка ВВК (для ранее прошедших альтернативную службу по состоянию здоровья, подлежащих переосвидетельствованию через госпитальной или гарнизонной ВВК)
– справка от наркологического центра и психиатра;
– требование с информационного центра МВД;
– копия паспорта;
– копия свидетельства об образовании (заверенная нотариусом);
– справка с места жительства о составе семьи;
– фотографии (3х4) – 4 шт.;
– результаты общего анализа (мочи, крови, флюорография органов грудной клетки и электрокардиограмма).