Мөөнөттүү аскердик кызмат

Мөөнөттүү аскердик кызмат – жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте милдеттүү чакырууга негизделген аскердик кызматы.

Мөөнөттүү аскердик кызматка он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки, аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, аскердик кызматка чакырылуудан бошонууга укугу жок же аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугун жоготкон эркек жарандар чакырылууга тийиш.

Жарандарды аскердик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу   жүргүзүлөт.

Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү жыйын пункттарынан кызмат өтөө жерине жиберилген учурдан баштап эсептелет.

Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи офицердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча бир айлык аскердик жыйындарды өтө алышат.

Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындарды өткөн жана белгиленген сынактарды ийгиликтүү тапшырган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына запаска бошонууда, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан запас боюнча офицердик курамдын “лейтенант” биринчи аскердик наамы ыйгарылат.

Перечень документов для формирования личного дела:

– Копия свидетельства о рождении; – Туулган тууралуу күбѳлүк

– Документ об образовании;

– Справка с места жительства;

– Справка о семейном положении;

– Справка с места учебы или работы;

– Характеристика;

– Автобиография;

– Справка из ИЦ МВД о судимости, выписка из приговора суда.

 

Размер шрифта