Коррупцияга каршы чаралар
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ № 215 «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын ишке ашыруу алкагында, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеӊешинин катчылыгынын калкасында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин системасында коррупциялык зоналарды жана коркунучтарды табуу жана аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Ушул максатта КР Коргоо Кеӊешинин катчылыгы менен төмөнкү курамдагы жумушчу топ түзүлгөн:
- КР Коргоо Кеӊешинин эксперттери;
- КР Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү;
- Аскердик контрчалгындоо башкармалыгы;
- КР МУКК коррупцияга каршы кызматы;
- көз карандысыз эксперттер.
Азыркы этаптагы коррупция менен күрөшүүнүн актуалдуулугун эске алып, бул жумушчу топ Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин андан ары Куралдуу Күчтөрүнүн бардык системасында коррупциялык зоналарды жана коркунучтарды табуу жана аныктоо боюнча көп иштерди аткарды. Алардын жыйынтыгы боюнча Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин системасында коррупциялык коркунучтарды жоюу боюнча коррупцияга каршы чаралардын ачыктыгын камсыздоо максатында пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлүүдө, ал жерде өзүнчө коррупциялык зоналар аныкталган.
- аскер комиссариаттарынын системасы;
- аскердик билим берүү чөйрөсү;
- мамлекеттик ишканалар;
- бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдалануу;
- кадрлык маселелер.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин системасындагы коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө билдирүүлөр боюнча ишеним телефону иштейт.
Маалымдама материал
Бар болгон материалдардын жана фактылардын анализдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин түзүмдөрүндөгү коррупциялардын алдын алуу чараларын коштогон консультациялык жана методологиялык иштер өткөрүлүп жатканына карабастан, айрым жооптуу кызмат адамдары тарабынан тилекке каршы өзүнүн жеке же топтук пайдасын орундатуу үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча укук бузуулары уланууда.
Ушундай жагдайлардын негизинде 2019-жылдын 15-апрелинде Талас БШАКынын аскер комиссары полковник Ж.С.Акжолов 20 000 сом пара алып жатканда КР УКМК органдары тарабынан кармалган. Сот чечиминин негизинде ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 260000 сом штраф салынды.
Мындан тышкары 2019-жылдын 17-майында Нарын облусунун Ат-Башы РАКынын 2-бөлүмчөсүнүн башчысы прапорщик Жумабай уулу Нурдиндин 30 миң сом пара алып жатып Нарын облустук УКМКнын башкармачылыгынын КККнын кызматкерлери тарабынан кармалышы далил болуп жатат (29.08.2019-жылы Ат-Башы райондук соттун чечими менен 200 000 сом өлчөмүндө айып акча төлөө салынган).
Бул көрүнүштүн себеби болуп коррупциялык укук бузууларды кылуу үчүн жооптуу кызмат адамдарынын укуктук аң-сезиминин деңгээлинин жана жеке жоопкерчилигинин төмөндүгү жана ошондой эле аскер комиссарынын (башкы башкармалыгы) шалаакылыгы эсептелет.
2019-жыйынтыктоочу жылда бирдиктүү реестрге Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин айрым башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө жана мекемелерине коррупциялык мүнөздөгү 19 кылмыш иши (2018-жылдын жыйынтыгында 30 кылмыш иши козголгон), катталган анын ичинен:
– 11 кылмыш иши аскер комиссариаттарынын жооптуу кызмат адамдарына карата аскердик билеттерди мыйзамсыз берүү, документтерди жасоо, АК мыйзамсыз чакыруу, АК кызматчылардын акча каражаттарын ыйгарып алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык, жана пара алуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бирдиктүү реестрге катталган;
– 2 кылмыш иши “Аскер курулуш” МИ боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, курулуш материалдарын чыгымдоонун көлөмүн негизсиз жогорулатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бирдиктүү реестрге катталган;
– 2 кылмыш иши КР КК Аскер институтунда жалпы суммасы 67 000 сом болгон материалдык каражаттардын кем чыгуу жана 51000 сомго тетиктерди урдоо фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бирдиктүү реестрге катталган.
– 1 кылмыш иши КР КИМК 33665 аскер бөлүгүнө суммасы 245 700 сомго эт (1-категориядагы уй этин) сатып алуу боюнча соодалашууларды өткөрүүдө бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бирдиктүү реестрге катталган;
– 1 кылмыш иши “Кыргыз курал” МИ карата түстүү жана кара металлдарды сатууда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз сарптоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бирдиктүү реестрге катталган;
– 1 кылмыш иши КР КИМК 29713 аскер бөлүгүндө жалпы суммасы 1 220 935 сом болгон материалдык каражаттардын кем чыгуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бирдиктүү реестрге катталган;
– 1 кылмыш иши КР КИМК ТПБ (Турак жай пайдалану башкармалыгы) боюнча курулуш материалдарын чыгымдоонун көлөмүн негизсиз жогорулатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бирдиктүү реестрге катталган.