Контракт боюнча аскер кызматына өтүп жаткан жарандарга коюлуучу талаптар
Контракт боюнча аскер кызматына өтүп жаткан жарандар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
– башка жарандыкка ээ болбогон Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;
– курсанттардан тышкары, он сегиз жаштан жаш эмес жана ушул Мыйзамда белгилеген аскердик наамына карата аскердик кызматта туруунун чектүү курагынан улуу эмес болушу керек;
– медициналык, кесиптик-психологиялык талаптарга жана аскердик-каттоо адистиктерине ылайык келиши керек.
Контракт боюнча аскер кызматына төмөнкү жаран чакырыла албайт:
– медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык, аскер кызматынын милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылып жаткан оорулары бар болсо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тартса;
– аскердик кызматка өтүү убагында мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып салынбаган соттолгондугу бар болсо же ага карата кылмыш иши козголсо;
– аскер кызматына өтүү убагынын алдында бир жылдын ичинде атайын укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот тарабынан административдик-тартиптик жоопкерчиликке тартылса;
– кызмат ордуна ылайык келбөөсү же кадыр-баркты кетирген жоруктары боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулса, эгерде бошотуу күнүнөн тартып бир жыл өтпөсө.
Аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөргө контракт боюнча аскердик кызматка алууда, талапкерлерге кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.
Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан жаранга карата укук коргоо жана атайын органдар тарабынан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө текшерүү жүргүзүлөт.
Жарандардын аскердик кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан жаранды кабыл албоого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды бурмалоо;
– талапкердин аскердик-каттоо адистиги боюнча бош кызмат орундарынын жоктугу.
(Караңыз:Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамдары тарабынан контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүндѳ, башка аскердик түзүлүштѳрүндѳ жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты ѳтѳѳсү
Офицердик курамдагы адамдар офицердик кызмат орундарында пайдалануу үчүн тынч убакта аскердик кызматка аныкталышы мүмкүн:
– өз эрки боюнча – улуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечими менен;
– чакыруу боюнча – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу санда жана аскердик-каттоо адистиги боюнча отуз жаштан жогору эмес курактагы адамдардын арасынан эки жылга.
(Караңыз:Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 токтому “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүндѳ, башка аскердик түзүлүштѳрүндѳ жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты ѳтѳѳсүнүн (запаста болуунун) тартиби жѳнүндѳ жобону бикитүү тууралуу”)