Чет мамлекеттик жогорку аскер окуу жайларына талапкерлерди тандоо шарттары

АСКЕР ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

Аскер кадрларын даярдоо КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунда, ошондой эле төмөнкү чет мамлекеттик аскер окуу жайларында жүргүзүлөт:

– Россия Федерациясы;

– Казахстан Республикасы;

– Азербайжан Республикасы;

– Туркия Республикасы;

– Кытай Элдик Республикасы.

Аскер окуу жайына тапшыруучу талапкерлер катары төмөнкүлөрдүн ичинен жалпы орто же кесиптик орто билим берүү мекемелерин аяктаган Кыргыз Республикасынын:

– аскердик кызматты өтөбөгөн 17 ден 21 жашка чейинки;

– аскердик кызматты өтөгөн 24 жашка чейинки;

– аскердик кызматты өтөп жаткан 24 жашка чейинки жарандар каралат (беш айдан кем эмес кызмат кылгангандар).

Жаш курагы аскер окуу жайына тапшырып жаткан учур болуп эсептелинет (тапшыруучу жылдын 1-сентябрына чейин).

Окууга тапшырууда талапкердин жалпы республикалык тестирлөөдө, анын ичинде тандалган адистик боюнча кошумча предметтик тестирлөөдө, чогулткан баллы КР ББжИМ ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн белгиленген чектик баллына дал келүүсү, ошондой эле КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин түздөн-түз кошумча өткөргөн сынактарынан ийгиликтүү өтүшү негизги шарт болуп саналат.

Мөөнөттүү жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары конкурстук тандоого тестирлөө формасындагы экзамендин жыйынтыктары боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын тапшырбастан киргизилет.

АСКЕР ЖОЖГО ТАПШЫРУУ ΥЧΥН  КАЙДА  КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?

Аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын ичинен талапкерлерди баштапкы тандоо аскер комиссариаттары, ал эми аскер кызматчыларынын ичинен кошуундардын, бөлүктөрдүн командирлери жана мекемелердин башчылары тарабынан жүргүзүлөт.

Аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган аскер кызматчылары окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин аскердик бөлүктүн командиринин атына команда боюнча билдирме беришет.

КУАЛдын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен талапкерлер окууга тапшырылуучу жылдын 30-апрелине чейин аскер лицейинин башчысына арыз беришет.

Аскер кызматын өтөгөн жана өтөбөгөн, аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган КР жарандары окууга тапшырылуучу жылдын 30-майына чейин жашаган жери боюнча райондук аскер комиссариатына арыз беришет

Аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан бекитилген, аскер кызматчылардын жана аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын катарынан алдын ала тандалдан талапкерлердин тизмеси жана алардын өздүк делолору окууга тапшырылуучу жылдын 30-майына чейин АББга жиберилет.

 

ϴЗДҮК ДЕЛО ТАРИЗДӨӨ ҮЧҮН ТАЛАПТАР:

ϴздүк дело тариздөө:

– аскер кызматчылары үчүн аскердик кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде;

– КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү үчүн КУАЛда

– жарандар үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарында.

Аскер окуу жайларына тапшыруучу талапкерлерге мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү милдеттүү түрдө тариздөө  (форма №2 боюнча уруксат )менен белгиленген үлгүдөгү өздүк делолор таризделет.

Талапкердин өздүк делосун тариздөө үчүн керектүү документтер:

– талапкерден аскер комиссарынын (аскердик бөлүктүн) атына арыз (билдирме). Арызда (билдирмеде) төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аты-жөнү (аскердик наамы, ээлеген кызматы), туулган күнү, айы, жылы; билими; жашаган жеринин дареги, талапкердин жана анын ата-энесинин байланыш телефондору; ал окууну каалаган аскер окуу жайынын жана адистиктин аталышы.

– туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн, ким экенин жана жарандыгын далилдеген документтин (паспорттун) көчүрмөсү;

– өмүр баяны;

– окуган жеринен же иштеген жеринен мүнөздөмө;

– билиминин (аттестат, диплом) деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин көчүрмөсү (нотариус менен күбөлөндүрүлгөн), окуп жаткандар акыркы жарым жылдык жетишүүсү жөнүндө табель беришет;

– каттоо күбөлүгүнүн (аскердик билеттин) көчүрмөсү;

– жашаган жеринен маалым кат;

– ИИМдин маалымат-аналитикалык башкармалыгынан талапкердин укук бузуу жөнүндө маалымат жоктугу боюнча маалымкат;

– аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлгөн үчтөн сүрөт (баш кийими жок, 3,5х4 см өлчөмүндө ак жана кызыл фондо, жалтырак эмес фото кагазда);

– кесиптик психологиялык тандоонун картасы;

– медициналык күбөлөндүрүү картасы, милдеттүү маалыматтар менен маалым кат: (психологиалык, наркологиалык, туберкулезго каршы жана тери-венерологиалык диспансерлерден), ВИЧ-инфекция сертификаты,  флюорография, ЭКГ, мурун көӊдөйүнүн рентгени, кан, зара, RV анализдери.

Паспорт, аскердик билет (каттоо күбөлүгү), жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты  жана орто билим жөнүндө документтин түп нускасын талапкер келген учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кабыл алуу комиссиясына көрсөтүлөт.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайына тапшыруучу талапкерлердин документтери расмий (орус) тилде таризделиши керек.

Аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлерди кесиптик тандоодон өткөрүү тартиби 4 этапта жүргүзүлөт (кошумча сыноолор):

1 этап. Тереӊдетилген медициналык күбөлөндүрүү;

2 этап. Талапкердин дене тарбиялык даярдыгын баалоо;

3 этап. Социалдык-психологиялык изилдөөнүн негизинде талапкерлердин кесиптик жарактуулугунун категориясын аныктоо (кесиптик тандоо);

4 этап. Талапкерлердин жалпы билимдик даярдыгын баалоо (чет мамлекеттик ЖОЖго тапшыруучулар үчүн).

Аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү тартиби

Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 18-декабрындагы N 771 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

Ден соолугунун абалы боюнча аскер окуу жайларына өтүүгө жарактуу деп табылган талапкерге кийинки экзамендерди  тапшырууга уруксат берилет.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлердин дене тарбиялык даярдыгын баалоо тартиби

Дене тарбия даярдыгы текшерүү КР КМ 2013-жылдын 29-июлунда № 243 буйругу менен ишке киргизилген «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде дене тарбия жана спорт боюнча колдонмонун (ДДК-2013)» негизинде өткөрүлөт.

Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге кийинки экзамендерди  тапшырууга уруксат берилет.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлерди кесиптик тандоодон өткөрүү тартиби

Аскердик-кесиптик багытын жана жеке психологиялык сапаттарын баалоо, талапкерлердин аскер окуу жайларында ийгиликтүү окууга, тандаган аскердик адистигин үйрөнүүгө жана аскердик-кесиптик ишинде алган билимдерин натыйжалуу колдонуу үчүн зарыл болгон конкреттүү инсандык сапаттарын жана жеке өзгөчөлүктөрүн табуу максатында жүргүзүлөт.

Кесиптик тандоону  ийгиликтүү тапшырган талапкерге кийинки экзамендерди  тапшырууга уруксат берилет.

Чет мамлекеттик аскер окуу жайларына тапшырып жаткан талапкерлердин жалпы билимдик даярдыгын баалоо тартиби

Талапкерлерге жалпы билим берүүчү предметтер боюнча тестирлөөнү кабыл алуу комиссиясынын төрагасы бекиткен ырааттамасына ылайык тапшырышат.

Медициналык көрсөткүчтөр боюнча жарактуу, кесиптик тандоодон ийгиликтүү өткөн жана кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган талапкерлер талапкерлерди курсанттар катары өткөрүүнүн конкурстук тизмелерине киргизилет

Размер шрифта