Чакыруунун мөөнөтүн узартуу жана бошотуу

Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу чакыруу комиссиясынын чечими боюнча жарандарга берилет.

Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкү учурларда берилет:

– үй-бүлөлүк шарттары боюнча;

– билим алуусун улантуу үчүн;

– ден-соолугунун абалы боюнча.

Үй-бүлөлүк шарттары боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкү жарандарга көрсөтүлөт:

– эмгекке жарамдуу эмес ата-энелери же алардын ата-энесинин каза болгондугуна же алардын ата-энелик укугунан ажыраткандыгына, же аларды түзөтүүчү мекемелеринде жазасын өтөө менен эркинен ажыратууга сот тарабынан соттолгондугуна байланыштуу алар эки жылдан кем эмес булардын тарбиялануусунда жана багуусунда болгон адамдар болгондо жана үй-бүлөдө жалгыз бала болсо же I жана II топтун майыбы болгон бир тууган ага-ини же эже-карындаштары болсо. Эмгекке жарамдуу эмес ата-энелер – пенсиялык куракка жеткен же I жана II топтун майыбы болгон ата жана эне болуп саналат;

– аялы, эки же андан ашык баласы бар болгон, болбосо I жана II топтун майыбы болгон аялы бар болгон;

– он сегиз жашка чейинки (же он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I жана II топтун майыбы болгон) эки жана андан ашык балдары бар жалгыз эмгекке жарамдуу энеси бар болгон жана аны колдонуп жаткан мыйзамга ылайык, энесин багууга милдеттүү болгон башка эмгекке жарамдуу балдары жок болсо, алар энеси менен жашаганга же өзүнчө жашаганга көз каранды;

– он сегиз жашка чейинки, же болбосо он сегизден улуу болгон бир же андан ашык бир тууган ага-ини жана эже-карындаштары бар болгон, бирок I жана II топтун майыбы болуп саналган жана аларды багуу үчүн алууга алардын башка адамдары жок болгондо;

– мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан бир тууган агасы бар болгон.

Үй-бүлөлүк абалы боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу жарандарга жыйырма беш жаш курагына толгонго чейин же болбосо мөөнөттүү калтыруу үчүн негиз болгон үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшүнүн убактысы бүткөнгө чейин берилет.

Билим алуусун улантуу үчүн аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкүлөргө берилет:

– алар окуу жайда биринчи курстан тартып окуп жаткан жана экинчи жогорку билим алып жатпаган шарттарда, лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын студенттерине жана аспиранттарына;

– орто кесиптик жана орто жалпы билим берүү окуу жайларынын окуучуларына, аларды бүткөнгө чейин, бирок жыйырма бир жаштан улуу эместерге.

Кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынан начар жетишкендиги, тартипсиздиги үчүн же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган адамдар, билим алуусун улантуу үчүн кайрадан чакыруу мөөнөтүн узартуу укугунан ажырашат.

Ар түрдүү негиздер боюнча жогорку окуу жайларынан мурда чыгарылган жана жогорку окуу жайына кайра калыбына келтирилген же башка окуу жайына өткөн адамдарга, билим алуусун улантуу үчүн аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу мөөнөтүн узартуу берилбейт.

Размер шрифта