Чакыруу уланууда

Чакыруу уланууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы – Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылдын 12-майындагы Жарлыгына ылайык, запаска бошотуу, аскердик жана альтернативдик кызматка жазгы чакыруу иштери кайрадан жүргүзүлө баштады.

Өзгөчө кырдаал режими жоюлгандан кийин 2020-жылдын 13-мартында келген аскерге чакырылуучулар аскердик кызмат өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлүшөт.

Учурда аскер комиссариаттары санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо менен эпидемияга каршы күчөтүлгөн режимдин шартында иштеп жатышат. Күн сайын имараттарда, ошондой эле комиссариаттардын жанындагы аймактарда дезинфекция жана санитария жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамынын арасында COVID-19 жайылышынын алдын алуу максатында аскер комиссариаттарына жана топтоо пункттарына барган жарандарга чектөөлөр киргизилген.

Аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү жана чакыруу учурунда чакырылуучулар медициналык маскалар жана антисептиктер менен камсыз болушат. Кабыл алынган ар бир аскер кызматчы коронавирустук инфекция дартына каршы текшерүүдөн өтөт. Кызмат өтөө жайына келгенден кийин аскерге чакырылгандардын бардыгы эки жумага карантинге алынат.

Аскерге чакыруу боюнча салтанат, кызмат өтөөчүлөрдүн туугандарынын жана жакындарынын катышуусу жок өткөрүлөт.

Размер шрифта