Орто жана жалпы билим берүүчү окутуу программаларын, техникалык жана кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү окуу жайларда (мекемелерде) жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоону уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоонун жүргүзүлүшү үчүн контролду билим берүү маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте жүзөгө ашырат.