Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуунун шарттары

Кыргыз улуттук аскер лицейине 14-15 жаштагы жалпы билим берүү окуу жайларынын 8-классын ийгиликтүү аяктаган өспүрүмдөр кабыл алынат.

КУАЛга тапшыруу жана кабыл алуу үч этапта жүргүзүлөт:

– Медициналык жактан терең текшерүү.

-Дене-тарбиялык жактан текшерүү (нормативдер боюнча).

-Жалпы билим берүүчү сабактар боюнча сыноодон өтүү.

КУАЛга тапшыруудагы талап кылынуучу документтер:

– КУАЛдын башчысына ата-энесинин, же аларды алмаштыруучу адамдардын макулдугу тууралуу жазылган арыз;

– КУАЛдын башчысына талапкердин жеке арызы;

– талапкердин натариустан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмө;

– өмүр баяны (1 – өз колу менен жазылган; 1 – терилген);

– ата-энесинин (аларды алмаштыруучу адамдардын) жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамын көрсөтүү менен маалымат кат;

– ата-энесинин (аларды алмаштыруучу адамдардын) паспортунун көчүрмө;

– 8-класстын 1-3-окуу чейрегинин  жетишүү табели (кайсы чет тилин өздөштүргөндүгү көрсөтүлгөн), мектеп директорунун колу, мектептин мөөрү менен;

– педагогикалык мүнөздөмө (класс жетекчисинин, мектеп директорунун колу жана мектептин мөөрү басылган;

– 3х4 өлчөмдөгү төрт сүрөт (баш кийимсиз);

– аскер комиссариатынан өткөн медициналык карта жана №63 калыбындагы эмдөө картасы.

Ата-энесинен кароосуз калган жана жетим балдардан мындан тышкары төмөндөгү кошумча документтер талап кылынат:

– ата-энесинин өлгөдүгү тууралуу күбөлөндүрүлгөн күбөлүктүн көчүрмөсү;

– опекундук жөнүндөгү соттун же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

– опекундун күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

– ата – энелик укугунан ажыратуу жөнүндөгү соттун чеминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

КУАЛга сынаксыз, тестирлөөсүз аңгемелешүү аркылуу физикалык жана медициналык текшерүүдөн кийин кабыл алынуучу талапкерлер:

– аскердик кызматын өтөө учурунда, (жарадар, жаракат, контузия) же анын жыйынтыгы менен каза болгон, жана ооруга чалдыккан аскер кызматкерледин балдары (Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин иш башкармачылыгынын мөөрү басылган архивдик документтердин көчүрмөсүн тапшыруу);

– энесиз (же атасыз) тарбияланып жаткан аскер кызматкерлеринин балдары;

– Кыргыз Республикасынын Баатырларынын балдары;

– жетим же ата – эненин камкордугунан ажыраган балдар (соттун же жергиликтүү башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү);

– жетим же ата – эненин камкордугусуз деген категорияга ата – энесинин экөө тең жок балдар эсептелинет.

Документтерди кабыл алуу, кабыл алууга белиленген күнгө жети күн калганда өз ишин токтотот.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин башчысынын буйругу менен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт.

Талапкерлер жалпы билим берүүчү сабактар боюнча сыноодон кыргыз тилинде окугандар – кыргыз тилинде, орустилинде окугандар – орус тилинде өтүшөт. Сынактар төмөндөгү сабактардан өтүлөт:

– орус тили (жат жазуу);

– орус адабият (аңгемелешүү);

– кыргыз тили (жат жазуу);

– математика (жазуу түрүндө);

– Кыргыз Республикасынын тарыхы (оозеки).

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин башчысынын чечими менен кабыл алуу сынагын КРнын билим жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борбору (УТБ) тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

Тестирлөө үчүн УТБнын талабына ылайык ата-энелер белгилүү өлчөмдө банк аркылуу акча каражатын төлөшөт.

Тандоо сынагынан өткөн талапкер КУАЛга кабыл алынат. КУАЛдын башчысы менен талапкердин ата-энеси (аларды алмаштыруучу адамдардын) ортосунда келишим түзүлөт.

Размер шрифта