Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын аскердик каттоосу алардын жашаган жериндеги райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт, алар жок калктуу пункттарда аскердик каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Чет мамлекеттерде жашаган аскерге милдеттүү Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
(Караңыз: Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы N 509 токтому менен бекитилген)
Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу
Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу мамлекеттик бийлик органдары, областтардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Эркек жынысындагы жарандар он алты жашка толо турган жылда аскердик баштапкы каттоого алынууга жатат.
Жарандарды аскердик каттоого баштапкы коюу учурдагы жылдын декабрь айында жаңыра турган жылдын январь-март айларында төмөнкүдөй максаттарда өткөрүлөт:
жарандарды аскердик каттоого коюу;
жарандардын санын аныктоо;
жарандардын аскер кызматына жарактуулугун жана ден-соолугунун абалын аныктоо;
жарандардын жалпы билим деңгээлин жана адистигин аныктоо;
чакырылуучуларды алдын-ала дайындоо;
аскердик-техникалык адистиктер боюнча даярдоо жана аскердик окуу жайларга кирүү үчүн талапкерлерди тандоо.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын, окуу жайлардын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери жыл сайын белгиленген мөөнөттө тийиштүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскердик каттоого алгачкы коюуга тийиш болгон жарандардын тизмесин беришет.
Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу үчүн райондордо жана шаарларда төмөнкүдөй курамдагы комиссиялар түзүлөт:
комиссиянын төрагасы – тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссары;
комиссиянын мүчөлөрү:
адис дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стамотолог, психиатр) жана катчы.
Алгачкы аскердик каттоо боюнча комиссиянын персоналдык курамын жана анын ишинин тартибин жыл сайын тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы бекитет.
Жарандарды аскердик каттоого алгачкы коюу боюнча комиссиялардын мүчөлөрүнүн, медициналык, техникалык кызматкерлердин, ошондой эле тейлөөчү персоналдын ал милдеттерди аткаруу убактысында жумуш орду, ээлеген кызматы жана эмгек акысы сакталат.
Эгерде аталган адамдардын милдеттерди аткаруусу иш сапарлар менен байланышкан болсо, анда мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын жашаган жеринен иштеген жерине жана кайра барууга, турак-жайды жалдоого чыгымдарын, ошондой эле иш сапар чыгымдарын төлөп беришет.
Жарандар алгачкы аскердик каттоого алууда аскердик кызматка жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
(Караңыз: КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)