Аскердик каттоого кабыл алуу үчүн негизги иш кагаздар болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) аскердик кызматты контракт боюнча өтөгөндөр жана ар кандай негиздерде запаска бошотулгандар үчүн – алардын өздүк күбөлүктөрү (аскердик билеттери) жана аскердик бөлүктөрдүн жазма буйруктары;
б) көрсөтүлгөн мөөнөттөгү кызматты өтөгөндүгү боюнча запаска бошотулгандар үчүн:
– старшиналар, сержанттар, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн аскерлер үчүн – алардын аскердик билеттери, кызматтык – каттоо баракчалары, жазма буйруктар;
– МРЖны өтөгөн аскерлер үчүн – алардын аскердик билеттери, кызматтык – каттоо баракчалары жана ысымдык тизмелер;
– АК өтөгөн жарандар үчүн – альтернативдик кызматтан бошотуу жөнүндө аскер комиссарынын буйругунан көчүрмө.
в) мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулгандар үчүн:
– ден – соолугунун абалы боюнча сержанттар, мөөнөттүү аскердик кызматтын аскерлери үчүн – алардын аскердик кызматтык – каттоо баракчалары, жазма буйруктар, оорусу жөнүндө күбөлүк;
– көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын толук өлчөмдө төлөгөн АК кызматкерлери үчүн – КИМКТ орун басарынын жана аскер комиссарынын АК бошотуу жөнүндө буйруктарынан көчүрмө.
г) ар кандай негиздер менен запаска киргизилген чакыруу жашындагы жарандар үчүн – чакырылуучулардын каттоо картасы жана запаска киргизүү жөнүндө чакыруу комиссиясы кабыл алган чечимдер менен протоколдор китебинин көчүрмөлөрү.
д) КР жарандыгын кабыл алган жарандар үчүн – КР жарандыгын алгандыгы жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы (билдирүү).
ж) медициналык даярдыктан өткөн аялдар үчүн – медициналык окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө дипломдун нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
з) эркинен ажыратуу жайларынан бошотулган жана соттун өкүмү боюнча ар кандай жазалардын түрлөрүн өтөгөн жарандар үчүн – түзөтүү мекемелеринен бошотулгандыгы
УБАКТЫЛУУ АСКЕРДИК КАТТООГО КАБЫЛ АЛУУ:
Аскерге милдеттүүлөрдү убактылуу каттоого кабыл алуу төмөндөгү учурларда жүргүзүлөт:
– аскерге милдеттүүлөр, запаска бошотулган мөөнөтүү аскердик жана контракттык кызматтын аскер кызматкерлери жана аскердик каттоого тура элек жарандын өздүгүн тактоого чейин (өздүк иш кагаздарнын келишине чейин), аскердик-каттоо документтерин жоготкондо;
– алардын түп нускасын тактоо жана текшерүүнү талап кылган иш кагаздарын жарандардын көрсөткөн учурларында.
Убактылуу аскердик каттоого кабыл алынган адамдарга убактылуу күбөлүктөр (аскердик билеттин ордуна) берилет.
АСКЕРДИК КАТТООДОН ЧЫГАРУУ
Башка жерлерге такай жашоо үчүн кетип жаткандарды, шаардын ичинде башка административдик райондун аймагына көчүү менен жашаган жерин которгондорду аскердик каттоодон чыгаруу алардын өздөрүнүн каттоо баракчалары (үй китептери), аскердик билети жана паспорту менен, мындан сырткары айыл өкмөтүндө жашагандар айыл өкмөтүнүн аскердик каттосундан чыккандыгы жөнүндө билдирүүнү алып келишет.
Чет мамлекетке чыгуу менен байланышкан учурларда аскердик каттоодон чыгаруу чет мамлекетке чыгып кетүүнү бышыктаган документтерди (МККдан билдирүү) алып келгенде жүргүзүлөт.
КМШ өлкөлөрүнүн жарандыгын алган аскерге милдетүүлөрдөн аскердик билеттер алынбайт, ал эми алыскы чет өлкөлөрдүн жарандыгын алгандардын аскердик билеттери алынат жана аларга чет мамлекетке чыгып кетүүнү жол-жобологон мекемеге берүү үчүн маалым кат берилет жана каттоо баракчаларында (үй китебинде) аскердик каттоодон чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Кыргыз Республикасынын аймагында иш сапарларга (узак мөөнөткө) мамлекеттик мекемелерде, чарабалык жана курулуш уюмдарында, кенешчилер аппаратында, адистер топторунда чет өлкөлөрдүн аймагында убактылуу жүргөндөргө аскердик каттоодон чыгаруу алардын өздөрүнүн аскердик каттоонун абалы боюнча аскер комиссариаттарына келгенде жана министрликтердин, ведомстволордун расмий билдирүүсүн алып келгенде жүргүзүлөт. Аскердик билеттер алынбайт жана маалым кат берилбейт.