Аскер институту тийиштүү сынактын негизинде, Кыргыз Республикасынын мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан кызматчыларын, катардагы жоокер жана сержанттык курамдын кызматына контрактык кызматтын аскер кызматкерлерин, толук орто билимдүү жана атайын кесиптик орто билимдүү, бүтпөгөн жогорку билимдүү жаш жарандарын кабыл алат.
Сынактын шарттары талапкерди окутууга киргизүүдө аскердик-кесипкөйлүк жөндөмдүүлүгүнө ылайык жана аскердик жалпы билим алууга шыктуулугун камсыз кылышы зарыл.
Сынака кирүүгө 17 жашка толгон, 21 жаштан жогору эмес (мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр, аскер кызматын өтөп жаткандар үчүн 24 жашка чейин) жарандарга уруксат берилет.
Чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, аскердик даярдык боюнча кошумча программа менен билим берген мекемелердин тарбиялануучулары Аскер институтуна тапшырууда артыкча мүмкүнчүлүккө ээ боло алышат, эгерде алардын тестирлөөнүн жана кошумча сыноолордун жыйынтыгы башка талапкерлер менен бирдей болгон учурда.
Аскер институтуна тапшыруучуларды тандоо, ар бир талапкердин ар тараптуу жөндөмүнө жараша төмөнкү багытта жүргүзүлөт:
– моралдык-жөндөм, психологиялык сапат, аскердик-кесипкөйлүк багыты (кесиптик тандоодо);
– жалпы билим деңгээли боюнча (жалпы республикалык тестирлөө жана Ата Мекен тарыхы жана математика боюнча кабыл алуу экзамендеринин жыйынтыгы);
– дене тарбиялык даярдыгы;
– ден соолугунун абалы.
Жалпы республикалык тестирлөө жана кошумча сыноолор жалпы орто билим программасы боюнча жүргүзүлөт.
Жалпы республикалык тестирлөө боюнча сертификаттын бар болушу милдеттүү жана ал КР КК Аскер институтунда бюджеттик негизде жогорку аскердик билим алуу үчүн кепил болуп саналат.
Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү тартиби
Медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 18-декабрындагы N 771 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.
Ден соолугунун абалы боюнча аскер окуу жайларына өтүүгө жарактуу деп табылган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.
Дене тарбиялык даярдыгын баалоо тартиби
Дене тарбия даярдыгы текшерүү КР КМ 2013-жылдын 29-июлундагы № 243 буйругу менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде дене тарбия жана спорт боюнча колдонмонун (ДДК-2013) негизинде өткөрүлөт.
Дене тарбиялык даярдык боюнча нормативдерди ийгиликтүү тапшырган талапкерге кийинки экзамендерди тапшырууга уруксат берилет.
Кесиптик тандоодон өткөрүү тартиби
Аскердик-кесиптик багытын жана жеке психологиялык сапаттарын баалоо талапкердин КР КК АИ ийгиликтүү билим алуусу, тандаган аскердик кесипке ээ болуусу жана алган билимин аскердик-кесиптик иште натыйжалуу колдонуусу үчүн зарыл болгон конкреттүү жеке сапаттарын, өзгөчөлүктөрүн ачуу максатында өткөрүлөт.
Аскердик кадрларды даярдоо төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт:
– командалык тактикалык мотоаткыч аскерлер;
– чек ара ишмердиги;
– командалык тактикалык аскерлер жарандык коргонуу.
Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө «лейтенант» аскер наамы жана «Бакалавр» академиялык даражасы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү 4 жыл.
Киргизүү тартиби
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана кошумча экзамендердин жыйынтыгы бирдей болгон учурда, кесиптик тандоонун жана дене тарбиялык даярдыгынын жакшы жыйынтыгы бар талапкерге, киргизүүгө артыкчылык берилет.
Кабыл алуу комиссиясы тарабынан талапкерди Аскер институтуна киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө негизги чечим болуп кесиптик тандоонун бардык көрсөткүчтөрүнө комплекстүү мамиле кылууну эске алуу менен мандаттык комиссиянын чечими эсептелет. Мында талапкердин моралдык-иштик сапаты анын ден соолугунун абалы жана аскердик-кесиптик багыты тең мааниде эске алынат.
Киргизүү тартиби КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын буйругу менен жүргүзүлөт. Талапкерлерди Аскер институтуна киргизүүдө КР «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык контрактык түзүлөт (аскер кызматчылары – жаңы контракт).
Аскер кызматын өтөө жөнүндө контракт түзүүдөн баш тарткан курсант окуудан четтетилет. Окуудан жетишпегендиги, тартип бузгандыгы үчүн жана башка ушундай терс көрүнүштөрдөн улам, же болбосо өз алдынча окуудан баш тарткан курсант ага билим берүүдө мамлекеттик бюджеттин эсебинен кеткен бюджеттик каражаттарды кайтарууга милдеттүү.
КР КК АСКЕР ИНСТИТУТУНА ТАПШЫРУУ ΥЧΥН КАЙДА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?
Аскердик кызматты өтөгөн жана өтөбөгөн жарандардын ичинен талапкерлерди баштапкы тандоо аскер комиссариаттары, ал эми аскер кызматчыларынын ичинен кошуундардын, бөлүктөрдүн командирлери жана мекемелердин башчылары тарабынан жүргүзүлөт.
ϴздүк дело тариздөө:
– аскер кызматчылары үчүн кызмат өтөп жаткан аскердик кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде;
– КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү үчүн КУАЛда
– жарандар үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарында таризделет.