Аскердик каттоодон жана аскерге чакыруу боюнча иш-чаралардан баштартуунун жоопкерчилиги

Жарандардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

Жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартышат:

-аскердик каттоо эрежелерин бузгандыгы;

-аскер комиссариаттарына, жыйноо пункттарына чакыруу боюнча негиздүү себептери жок көрсөтүлгөн мөөнөттө келбей койгондугу;

-альтернативдик кызматтын милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы;

-аскер жыйындарынан баш тарткандыгы, ошондой эле аскер жыйындарын өтүү убагында аскер кызматты өтөөнүн белгиленген тартибине каршы укук бузууларды жасагандыгы;

-жарандарга аскердик милдетин аткаруудан баш тартууга жардам бергендиги же аларга аскер кызматын өтөөгө тоскоолдук кылгандыгы;

Аскердик каттоодон жана аскерге чакыруу боюнча иш-чаралардан баштарткан жарандар  Мыйзам талаптарынын негизинде жоопкерчилике тартылат.

Размер шрифта