Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу

Он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран

төмөнкүлөр альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал:

– ынанымы курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналса;

– (абзац КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

– (абзац КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал:

– чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо;

– ата-энелеринин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо;

– ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса;

– ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат алуу, травма, контузия) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо);

– аялы жана бир баласы бар болсо;

– ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо;

– жалгыз бой эненин (атанын) жалгыз баласы болсо;

– жалгыз бой энесинин багуусунда он сегиз жашка чыга элек (болбосо он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I же II топтун майыбы болгон) бир тууганы болуп, үй-бүлөдө башка балдары жок болсо;

– ал атасынан жана энесинен ажыраган, үй-бүлөдөгү жалгыз бала болсо;

(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы N 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

– ал аскердик кызматка жарактуу болуп, бирок чакыруу наряды аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөсө жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирсе.

Альтернативдик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.

Альтернативдик кызматтын мөөнөтү он сегиз айды түзөт.

 

Альтернативдик кызматты өтөө төмөндөгүлөрдү карайт:

-үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылгандар үчүн – республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү;

-диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн – кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткарууну жана республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү.

Ар бир квартал ичинде акчалай төгүмдүн жалпы көлөмүнүн алтыдан биринен кем эмеси төлөнүүгө жатат.

Альтернативдик кызматтын кызматчылары коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тийиштүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн альтернативдик кызматтын кызматчысына ал иштеген сааттардын саны жана жасаган жумуштары жөнүндө маалымкат берет.

 

Жаран төмөнкүдөй учурларда альтернативдик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жатат:

-медициналык-социалдык эксперттик комиссия аны ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп тааныгандыгына байланыштуу;

-аскердик-врачтык комиссия аны альтернативдик кызмат өтөөгө жарамдуу эмес деп таааныгандыгына байланыштуу;

-белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндүгүнө байланыштуу;

-коомдук пайдалуу жумуштарды 108 саат аткаргандыгына жана белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндүгүнө байланыштуу;

-эгерде ал соттолсо.

 Альтернативдик кызмат аяктагандан жана толук сумманы төлөп бергенден кийин жаран, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсүнөн тышкары запаска киргизилет.

Караңыз:

КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы 10-р чечими

 

Альтернативдик кызматка чакырылган жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтин белгиленген түрлөрүн тартышат.

Райондук (шаардык) аскер комиссары альтернативдик кызматты өтөөдөн баш тартып жаткан адамдарды жоопкерчиликке тартууга материалдарды белгиленген тартипте жол-жоболоштурууга жана укук коргоо органдарына берүүгө милдеттүү.

Альтернативдик кызматты өтөөдөн баш тартуу деп төмөнкүлөр түшүндүрүлөт:

– белгиленген акча каражаттарын төлөбөгөндүк же толук эмес төлөгөндүк;

-коомдук пайдалуу жумуштарды жана табигый кырсыктардын, эпидемиянын же башка чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды аткаруудан баш тартуу.

Альтернативдик кызмат өтөп жаткан адам кызмат өтөө мөөнөтү аяктаган учурга карата акча каражаттарын төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, ошондой эле белгиленген өлчөмдө коомдук пайдалуу жумуштарды аткарбаганда, кызматты өтөөдөн баш тартуу фактысы боюнча укук коргоо органдары чечим кабыл алгандан кийин чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылууга тийиш, ал эми альтернативдик кызматтын кызматчысы чакырылуучулардын эсебине өткөрүлүп берилет. Мында акчалай салымдын төлөнгөн суммасы кайтарылбайт.

Перечень документов для формирования личного дела:

 

– Копия свидетельства о рождении;

– Документ об образовании;

– Справка с места жительства;

– Справка о семейном положении;

– Справка с места учебы или работы;

– Характеристика;

– Автобиография;

– Справка из ИЦ МВД о судимости, выписка из приговора суда.

– Документы, подтверждающие тяжёлое семейное положение и право призывника на альтернативную службу.

Размер шрифта