Архив 11.08.2020

Аскер институту мамлекеттик экзамендерди жүргүзүүдө

2020-жылдын 26-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда мамлекеттик экзамендер башталды.

Төрт жыл бою аскердик кесипке окуган курсанттар өздөрүнүн билимин жана көндүмдөрүн көрсөтүшүүдө.

Келечектеги офицерлер класстарда жана атайын жабдылган пункттарда кесибине жараша теориялык экзамендерди жана жетектөөчү документтерди билүүсү тууралуу экзамен тапшырышса, ал эми талаа шартында тактика, ок атуу даярдыгы боюнча, күжүрмөн техниканы башкаруу сыяктуу экзамендерди тапшырышууда.

Мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырган курсанттарга лейтенант биринчи аскердик наамы ыйгарылат. Аларга окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом тапшырылат, андан кийин бир айлык өргүүгө кетишет. Андан соӊ, бөлүмчөлөрдүн командири катарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коошундарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө жөнөтүлөт.

Аскер комиссариаттарындагы текшерүү

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары КР КИМК) башкаруу органдарын, аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин 2020-жылга даярдоо планына жана КР КИМК төрагасынын буйругуна ылайык, 2020-жылдын 17-январынан баштап 14-февралына чейин КР КИМК аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аскер комиссариаттарын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралар жыл сайын аскер кызматчыларынын мобилизациялык даярдыгынын деӊгээлин аныктоо, коорупциялык коркунучтардын алдын алуу, катуу отчеттуулуктагы бланктарды берүүсүнүн мыйзамдуулугун жана аскер комиссариаттарынын жалпы кызматтык ишмердигин текшерүү максатында жүргүзүлөт.

Чакыруу уланууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы – Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылдын 12-майындагы Жарлыгына ылайык, запаска бошотуу, аскердик жана альтернативдик кызматка жазгы чакыруу иштери кайрадан жүргүзүлө баштады.

Өзгөчө кырдаал режими жоюлгандан кийин 2020-жылдын 13-мартында келген аскерге чакырылуучулар аскердик кызмат өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлүшөт.

Учурда аскер комиссариаттары санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо менен эпидемияга каршы күчөтүлгөн режимдин шартында иштеп жатышат. Күн сайын имараттарда, ошондой эле комиссариаттардын жанындагы аймактарда дезинфекция жана санитария жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамынын арасында COVID-19 жайылышынын алдын алуу максатында аскер комиссариаттарына жана топтоо пункттарына барган жарандарга чектөөлөр киргизилген.

Аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү жана чакыруу учурунда чакырылуучулар медициналык маскалар жана антисептиктер менен камсыз болушат. Кабыл алынган ар бир аскер кызматчы коронавирустук инфекция дартына каршы текшерүүдөн өтөт. Кызмат өтөө жайына келгенден кийин аскерге чакырылгандардын бардыгы эки жумага карантинге алынат.

Аскерге чакыруу боюнча салтанат, кызмат өтөөчүлөрдүн туугандарынын жана жакындарынын катышуусу жок өткөрүлөт.

Размер шрифта